Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Бишкек.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 4-декабрда Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Талас облусунда жана Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2,

Талас жергесинде түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6,

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12.

Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 0…2 градус болот.

Дагы караңыз

Кыргызстандыктар Экибастузга жардам чогултууну улантуудаБаткенде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыктыӨКМ Таласта учак кулаганы тууралуу маалыматты четке какты “Проект” басылмасы: Кара деңиз флоту аскер күчтөрүнүн 15% жоготтуБаткен: атайын эсепке чогулган акчанын 148 млн. сому коротулдуСаламаттык сактоо министрлигинде каржылык мыйзам бузуулар аныкталдыФутбол: плей-оффко чыккан командалар аныкталды