Казакстандын Павлодар облусунун Экибастуз шаарынын тургундарына жардам берүү үчүн кыргызстандыктар 20 400 сом жардам чогултту.
Бул демилгени көтөрүп, уюштуруу иштери менен алектенип жаткан экоактивист Исмаил Карыпов каражат бир күндүн ичинде топтолгонун, акча чогултуу уланып жатканын айтты.
Казакстандын түндүгүндө жайгашкан Экибастуз шаарында 27-ноябрда Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) агрегаттын түтүктөрү жарылган. Авариянын айынан 30 градус суукта шаардын 150 миңдей калкы жылуулуксуз калды. Шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланып, облус башчысы иштен алынды.
Экибастузда 150 миңдей калк жашайт. Шаарда көмүр өндүрүшү жана электр энергетикасы өнүккөн. (BTo)
Дагы караңыз
Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыктыӨКМ Таласта учак кулаганы тууралуу маалыматты четке какты “Проект” басылмасы: Кара деңиз флоту аскер күчтөрүнүн 15% жоготтуБаткен: атайын эсепке чогулган акчанын 148 млн. сому коротулдуСаламаттык сактоо министрлигинде каржылык мыйзам бузуулар аныкталдыФутбол: плей-оффко чыккан командалар аныкталды