Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Талас менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы Токтогул районунда тоого учак кулаганы тууралуу маалыматты четке какты.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын орун басары Нуржан Ештаев билдирди.
“Жерүйдүн кызматкерлери менен тоого барып дрон менен карап келдик. Учак табылган жок. Конгону же учуп кеткени белгисиз. От күйүп же түтүн чыгып жаткан жер жок. Эч нерсе тапкан жокпуз”, - деди Ештаев.
Бир күн мурда социалдык тармактарда Талас районунун Бекмолдо айылынын түндүк тарабындагы тоого учак кулады делген видео тараган. Видеодо белгисиз аппарат тоодон ылдый түшүп баратканы көрүнгөн. (MKt)
Дагы караңыз
Баткен: атайын эсепке чогулган акчанын 148 млн. сому коротулдуФутбол: плей-оффко чыккан командалар аныкталдыКазакстанда Январь окуяларына байланыштуу кармалган эки киши абакта оозун тигип алдыПрезидент Жапаров: Майыптыгы бар адамдар билим алууга муктаж