Президент Садыр Жапаров 3-декабрь Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда коомдун бул катмары билим алууга, социалдык жактан камсыз болууга, спортко жана жумушка орношууга муктаж экенин билдирди.
Президенттин сайтына жарыяланган кайрылууда майыптыгы бар адамдардын коомго толук кандуу аралашуусу үчүн бир топ иштерди аткаруу боюнча максаттар бар экени айтылат.
Кыргызстанда 202 300 майыптыгы бар адамдар бар, алардын 35 миңи балдар. Быйыл 1-июндан тартып 18 жаштан өйдө биринчи топтогу майыптыгы барларга жеке жардамчы кызматы киргизилди. Майыптыгы бар адамдарды караган жардамчылардын саны 8493гө жетет. Алардын айлык акысына бюджеттен жылына 305,7 млн. сом бөлүнөт.
Өлкөдө майыптыгы бар адамдарга коомдук жайларда жүрүүгө шарттын жоктугу, жумуш менен камсыз кылуу начар экени айтылып келет.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 1992-жылдагы резолюциясына ылайык, жыл сайын 3-декабрда Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү белгиленет. (BTo)
Дагы караңыз
ЮНИСЕФ: Бишкекте булганыч абанын айынан бир жылда 112 киши каза болду Салык кызматы "Кылым шамындагы" текшерүү боюнча маалымат бердиСноуден Орусиянын паспортун алып, ант бердиЭркиндик бульварында да митинг өткөрүүнү тыйган мөөнөт узартылдыМанасчы Исаковдун Гиннесс сертификаты Улуттук тарых музейине тапшырылды