Польшада жашырынып жүргөн кыргыз жараны мекенине кайтарылды

Иллюстрациялык сүрөт.

14 адамды 77 миллион сомго алдап кеткен деп айыпталып жаткан кыргызстандык Польшадан мекенине экстрадиция кылынганын бүгүн 2-декабрда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Польшанын Улуттук прокуратурасынын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Башкы прокуратуранын ал адамды өткөрүп берүү тууралуу талабы канааттандырылып, Кыргызстанга жеткирилди.

Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эл аралык издөө жарыяланган шектүү Польшада Румыниянын паспорту менен жашырынып жүргөнү белгиленди. (RK)

Дагы караңыз

ЮНИСЕФ: Бишкекте булганыч абанын айынан бир жылда 112 киши каза болду Дача СУ: Комиссия корутундусу, кандуу жүктүн изиКиев аскердик жоготууларын санады, Москва үн ката элекЧехия Украинанын консулдугуна "күмөндүү кат" келгенин маалымдады