УКМК депутаттын кайда жүргөнү белгисиз экенин билдирди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, саясатчы Бектур Асановдун, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин үстүнөн сот иши уланды. Атамбаев темир торду тепкилегенден кийин сот залынан чыгарылып, процесс ал жок өттү. Оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын парламенттеги үч кызматкери иштен кетти. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “жасалма документ колдонуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. - Орусиянын президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу стратегиялык шериктештикти талкуулашты.