Депутаттар Дача СУну иликтеген комиссиянын корутундусу менен таанышты

Дача СУ. 2017-жыл, 16-январь. Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.

Дача СУ кырсыгынын себептерин жана шарттарын изилдеген коомдук комиссиянын корутундусу менен 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары таанышып чыкты. Депутаттарга комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов маалымат берип, Boeing-747 учагынын кыйрашына экипаждын көзөмөлүнүн жоктугу себеп болгонун, андагы жүктүн аткезчиликке тиешеси жок деген бүтүм чыкканын айтты.

Аткезчилик темасы бул окуянын негизги саясий өңүтү болгонун депутат Жанарбек Акаев белгиледи:

“Дача СУ маселеси саясатташып, оппозиция ошол жүк Атамбаевдики жана анын үй-бүлөсүнүкү болгон, аткезчилик менен алектенген деп, калың элде суроо болгон. Бирок, мына, далилденди, жүк Атамбаевдики же анын үй-бүлөсүнүкү эмес экен. Мен ошого ынандым. Бийлик жетекчиси катары техникалык маселелерде күнөөсү болушу мүмкүн, бирок ошонун жүгү деген далилденген жок”.

Депутаттар түрк тарап кенемте катары төлөгөн 4,5 миллион доллардын 600 миң долларын кыргыз өкмөтү алып койгону тууралуу маселени көтөрүштү. Шыкмаматов бул маселени комиссия мүчөлөрү да “кызыл чеке болуп талкуулашканын”, ал акча кырсыктын кесепетин жоюуга кеткен чыгымдын ордун толтурууга кеткен деген жооп алышканын билдирди.

Элден жардам катары 102 миллион сом чогулганы, анын 70,5 миллиону каза болгондордун жакындарына берилгени, 12,7 миллиону үйү толук талкалангандарга, 7 миллиону томолой жетим калган балдарга таратылып берилгени маалымдалды.

Курамына 18 киши кирген коомдук комиссия президенттин демилгеси менен быйыл май айында түзүлүп, ноябрга чейин иштеди.

2017-жылдын 16-январында эртең менен «Манас» эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна Boeing-747 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак кулап түшкөн. Учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон.

Тынч уйкуда жаткан 35 тургун (алардын 17си балдар) жана учактагы экипаждын төрт мүчөсү курман болгон. Учкучтар түрк жарандары болчу.

Түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык учак Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан.

Кырсыкка байланыштуу кылмыш иши кийинчерээк токтотулганы кабарланган. (RK)

Дагы караңыз

Талибдер "Америка добушу" менен "Азаттыктын" ооган кызматынын уктурууларына тыюу салды Иранда диниятчылар демонстранттарга куугунтукту токтотууга чакырды Июнь коогасы: Алмазбек Атамбаев соттун жүрүшүн "цирк" деп атады (видео)Жогорку Кеңеш депутат Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын мыйзамсыз деп тапты