Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Ярослав Янушевич калааны орус аскерлери аткылаганын билдирди. Анын кесепетинен электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. «Херсонобленерго» көйгөйдү жоюу аракетин көрүп жатат.
11-ноябрда Украина Херсон шаарын кайтарып алган. Орус аскерлери Днепрдин оң жээгинен чегинишкен. Украин тарап андан бери шаар такай аткыланып жатканын билдирген.
Башкы штаб 1-декабрда кабарлагандай, украин күчтөрү Донецк облусунун чыгыш тарабында салгылашып жатат. Ал эми түштүктө орус аскерлери коргонуу позицияларын бекемдеп, Херсонго сокку урууну күчөттү.
Ал тапта АКШнын Коргоо министрлиги Украина үчүн NASAMS абадан коргонуу системасын сатып алуу боюнча Raytheon компаниясы менен 1,2 миллиард долларлык келишимге кол койду.
Пентагондун сайтында жазылгандай, Raytheon Украинага "жер-асман" сериясындагы ракеталык системаларды жеткирет. Келишимдин аяктоо мөөнөтү 2025-жылдын 28-октябрына белгиленген.
Киевге абадан коргонуу системаларын жеткирүү Орусия Украинанын электр станцияларына абадан сокку уруусун күчөткөндөн кийин жанданды.
Дагы караңыз
Испания соту Украина элчилигиндеги жардырууну теракт катары иликтейтПутин менен Мирзиёев "Газ биримдиги" демилгесинен кийин сүйлөштүГуанчжоуда коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилди