Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болду

Омар Султанов Эл аралык соода уюмунун башкы директору Нгози Оконжо-Ивеалага ишеним грамотасын тапшырып жаткан учуру. Архивдик сүрөт.

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 30-ноябрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Омар Султанов быйыл майда Кыргызстандын Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунда жана эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган.

60 жаштагы Омар Султанов — Жогорку Кеңештин экс-спикери Марат Султановдун бир тууганы. Мурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси, Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Укугу азайган парламент, укуругу узарган президент Бишкекте милиция кызматкерлерине карата жети кылмыш иши козголгонУлуттук банктын жетекчисин Жогорку Кеңешке чакыруу талабы көтөрүлдү (видео) Исхак Масалиев Кумтөр кени боюнча депутаттык комиссиянын жетекчилигинен кеттиПарламентте Жээнбеков менен Зулпукаровдун кылмыш иши боюнча маселе көтөрүлдү (видео)