Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев иликтөөчү журналист Болот Темировдун Орусияга депортацияланышына анын кыргыз жарандыгынын жоктугу себеп болгонун билдирди. Абдиев бул тууралуу Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы отурумунда депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.
"Анын Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылганы үчүн, ал Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды", - деди Абдиев.
Абдиевдин айтуусунда, адамды өлкөдөн чыгаруу чечими чыкканда анын коопсуздугу үчүн милиция кызматкерлери коштоп барат. Ал Кыргызстандан быйыл 13, былтыр 19 чет өлкөлүк жаран чыгарылганын билдирди.
Жогорку Кеңеш 30-ноябрдагы отурумунда "Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карады.
Коррупцияны иликтеген журналист Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде "Манас" аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп чыгарып кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган.
Күч органдары жана прокуратура журналистке каршы иш мыйзам чегинде козголгонун, иликтөө талапка ылайык жүргүзүлгөнүн айтып келишет.(ZKo)
Дагы караңыз
Бишкекте милиция кызматкерлерине карата жети кылмыш иши козголгонУлуттук банктын жетекчисин Жогорку Кеңешке чакыруу талабы көтөрүлдү (видео) Исхак Масалиев Кумтөр кени боюнча депутаттык комиссиянын жетекчилигинен кеттиМедер Алиев комитет төрагалыгынан кетишине Кемпир-Абад себеп болгонун айтты (видео)Укугу азайган парламент, укуругу узарган президент Акаев: Жамгырчиевдин үйүнөн үн жана видео жаздыруучу аппараттар табылды (видео)