Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрагасы, депутат Медер Алиев парламент төрагасынын атына комитет төрагалыгынан кетүү арызын жазды.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы отурумунда төрага Нурланбек Шакиев депутаттарга жарыялап, депутаттын арызы күтүүсүз болгонун айтты.
Андан кийин сөз алып сүйлөгөн депутат Медер Алиев комитет жетекчилигинен кетүү чечимин өзү кабыл алганын айтып, бирок Кемпир-Абад маселеси буга себеп болгонун билдирди.
"Эч ким мени мажбурлаган жок. Кыскача айтып коеюн, өткөндө Кемпир-Абад боюнча маселе себеп болду", - деди Алиев.
Медер Алиев Жогорку Кеңешке "Ишеним" партиясынын тизмеси менен шайланып келген. Ал адам укуктарын, сөз эркиндигин коргогон маселелерди көтөрүп жүрөт.
Жогорку Кеңеш 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген.(ZKo)
Дагы караңыз
Бир шаарды баккан Майлуу-Суу заводуУлуттук банктын жетекчисин Жогорку Кеңешке чакыруу талабы көтөрүлдү (видео) Акаев: Жамгырчиевдин үйүнөн үн жана видео жаздыруучу аппараттар табылды (видео)Депутат Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерин шайлоону элге берүүнү сунуштадыОш драма театрында аял укугуна арналган спектакль коюлат