Акылбек Жапаров Жапонияга иш сапары менен барды

Токио аэропорту. 29-ноябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-ноябрда Жапонияга иш сапары менен барды.

Сапар алкагында өкмөт башчы Борбор Азия инвестициялык форумуна катышат. Бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жазылды.

Жапониянын JICA өнүктүрүү борбору Кыргызстанда 1993-жылдан бери иштеп келет. Аталган борбор жакырчылыкты жоюу, экономиканы өнүктүрүү жана башка жаатта көмөктөшүү иштерин жүргүзөт.(ZKo)

Дагы караңыз

Жек Ма Кытайдан чыгып кеттиДепутат Айдарбеков чет жакта дарыланып жүргөнүн билдирдиКыргызстандан сыртка чыккан акча эки эсе көбөйдүКатар чемпионатка даярдык учурунда 500дөй адам өлгөнүн моюнга алдыҮч тараптуу "газ биримдиги": Москванын көздөгөнү эмне?