Жек Ма Кытайдан чыгып кетти

Жек Ма.

Alibaba компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма Кытайдан кетип, акыркы жарым жылдан бери Токиодо жашап жатканын Financial Times өз булактарына таянып жазды.

Алардын айтымында Жек Ма Жапониянын борборунда үй-бүлөсү менен жашайт жана коомдук иштерин дээрлик токтоткон. Басылманын булактары Ма өзүнүн электрондук коммерцияга байланган империясын дагы кеңейтүүнү көздөп жатканын, ошол эле учурда миллиардер акварель менен сүрөт тартууга киришкенин айтышкан.

Дүйнөгө белгилүү ишкердин өлкөсүнөн чыгып кеткени Кытай бийлигинин технологиялык компанияларга басымы күчөгөн учурга туш келди. Жек Ма 2020-жылы Шанхайдагы ири экономикалык жыйында Кытайдын базар мамилелерин жөнгө салуучу мекемесин сындап сөз сүйлөгөн.

Көп өтпөй Кытайдын бийлиги антимонополиялык иликтөөнүн алкагында миллиардер Жек Ма түптөгөн Alibaba корпорациясына 2,8 миллиард доллар айып салган. Бул Кытайдагы болуп көрбөгөндөй эң чоң айып.

Ма - Кытайдагы эң бай адамдардын бири. Forbes журналы анын байлыгын 65,5 миллиард доллар деп эсептеп чыккан.

Дагы караңыз

Жапырт камалгандардын маселеси Жапаровдун аксакалдар менен жолугушуусунда көтөрүлдүКыргызстандан сыртка чыккан акча эки эсе көбөйдүКатар чемпионатка даярдык учурунда 500дөй адам өлгөнүн моюнга алдыКыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзамдарга кол коюлдуТемиров иши: Акыйкатчы Башкы прокурорго жана Орусиянын омбудсменине кайрылды