Украинадагы согушка байланыштуу Орусияда мобилизация башталган соң 400 миңдей орус жараны Казакстанга өтүп, 320 миңдейи кайра чыгып кетти. Бул тууралуу Казакстандын эмгек жана калкты социалдык коргоо министри Тамара Дуйсенова журналисттерге билдирди.
Анын белгилешинче, эмгек мигранттарын кошкондо учурда Казакстанда 100 миңдей орусиялык жаран жашап жатат.
21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Ушундан кийин миңдеген жарандар учак жана чек арадагы пункттар аркылуу өлкөдөн чыгып кете башташкан. Алардын көбү Казакстанга, Грузига, Арменияга, Азербайжанга, Кыргызстанга, Монголияга, Түркияга жана башка өлкөлөргө жер которушкан.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 28-октябрда Путин менен жолуккан учурда, мобилизациялык чаралар аяктаганын айткан. Анын сөзүнө караганда, мунун алкагында 300 миң адам аскерге тартылды. 82 миң адам Украинадагы согушка жөнөтүлүп, 218 миң адам машыгуудан өткөрүлүп жатат. (ErN)
Дагы караңыз
Нукустагы калабага байланыштуу 22 адамга айып тагылдыОшко жаңы мэр дайындалды: Жетигенов деген ким? Катар-2022: Плей-оффто кайсыл командалар беттешет?Каракалпакстан: айыпталгандардын айрымдары күнөөлөрүн моюнуна алдыБишкек: Бейтапканалар дем алышта да иштей баштады