Бишкекте бейтапканалар дем алыш күндөрү да иштөө тартибине өттү. Саламаттык сактоо министрлиги 29-ноябрда билдиргендей, буга баласы сасык тумоолоп калган ата-энелер көп кайрыла баштаганы себеп болду.
Саат 8де ачылган бейтапканалар ишембиде кечки алтыга чейин, ал эми жекшембиде түштөн кийинки саат экиге чейин ачык болот.
Бишкекте балдарды дарылаган негизги эки мекеме бар. Алар – Балдарга тез жардам көрсөтүүчү шаардык клиникалык оорукана жана Эне-баланы коргоо улуттук борбору.
Дагы караңыз
Мирзохалим Каримов - эки элдин данакер жазуучусуПортугалиянын голу Роналдуга эмес, Фернандешке жазылдыТокаев менен Путин үч өлкөнүн газ биримдигин түзүүнү сүйлөштүСултанбеков “Социнтерндин” вице-президенти болуп шайланды