Токаев менен Путин үч өлкөнүн газ биримдигин түзүүнү сүйлөштү

Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин. Москва, Орусия. 28-ноябрь, 2022-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин соңку сүйлөшүүсүндө Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын “үчилтик газ биримдигин” түзүүнү талкуулады. Бул тууралуу маалыматты Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Руслан Желдибай 29-августта Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мунун максаты Орусиянын газын Казакстандын жана Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөрүү маселелерин координациялоо максатын көздөйт. Президенттер буга байланыштуу үч өлкөнүн эксперттеринин катышуусунда деталдуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү керектигин макулдашкан.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Казак президенти анда Астана үчүн Москва “стратегиялык өнөктөш катары кала берерин” белгилесе, орус президенти ар тараптуу өнөктөштүк мындан ары улана бере турганын айткан.

Кремлдеги бул сүйлөшүүдө президенттер “кандайдыр бир үч тараптуу уюм түзүү” жөнүндө сүйлөшкөнүн орусиялык басылмалар Казакстандын президентине таянуу менен жазып чыгышкан. Бул чечимге байланыштуу Өзбекстандын бийлигинин реакциясы азырынча белгисиз.

Бул Касым-Жомарт Токаевдин кезексиз шайлоодо президент болуп шайлангандан кийинки биринчи чет элдик сапары болуп калды. Быйыл 20-ноябрдагы президенттик шайлоодо Токаев шайлоочулардын 81,3% добушун алган.

Токаев 2019-жылдын март айында өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевден кийин президенттик кызматты ээлеген. Анда да ал биринчи чет элдик сапары катары Орусияга чыккан. (ErN)

Дагы караңыз

Султанбеков “Социнтерндин” вице-президенти болуп шайланды Таласта таштанды иргөөчү завод курулатПсихиатриялык ооруканадан качкан бейтап тогуз күндөн бери табылбай жатат Мадридде Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча маселе козголду