Психиатриялык ооруканадан качкан бейтап тогуз күндөн бери табылбай жатат

Республикалык психиатриялык оорукана. Жалал-Абад облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

20-ноябрга караган түнү Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынан качкан бейтап табыла элек.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 114-беренеси ("Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары жана мажбурлап дарылоо") менен дарыланып жаткан, теги Өзбекстандын Фергана облусунан. Бейтапканага соттун чечими менен 2022-жылдын 1-ноябрында жаткырылган.

Бейтапты милиция тогуз күндөн бери таппай жатканын "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады. Маалыматка ылайык, бул окуя” Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу” беренесинин негизинде катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада соттун чечими менен жаткандар басымдуу. (TB)

Дагы караңыз

"Темировдун депортацияcы советтик доорду эске салат"Баткенде 3,5 миңден ашуун адам үйүнө кайта элекВенгриянын ЖОЖдоруна гранттык негизде кабыл алуу башталдыМадридде Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча маселе козголду Улуттук жазуучулар союзу карызынан кутулуу үчүн марафон өткөрөтМирзохалим Каримов - эки элдин данакер жазуучусу