Таласта таштанды иргөөчү завод курулат

Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта таштанды сорттоочу завод курулат. Бул үчүн "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду 6 миллион сомду беш жылдык кайтарымсыз мөөнөткө бөлгөнү кабарланды.

Маалыматка караганда, завод Талас районунун Калба айыл аймагына курулат. «Эко Монтис» компаниясы сунуштаган долбоор ишке кирсе, айына 200 тонна таштандыны кайра иштетүүгө болору айтылууда.

Талас шаарынын түндүк тарабында жайгашкан таштанды жайына сын-дооматтар көп айтылып келет. Аянты 10 гектарды ээлеген полигондогу таштанды шамалдан улам туш тарапка чачылып кеткен. (MKt)

Дагы караңыз

Баткенде 3,5 миңден ашуун адам үйүнө кайта элекМадридде Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча маселе козголду Венгриянын ЖОЖдоруна гранттык негизде кабыл алуу башталдыУлуттук жазуучулар союзу карызынан кутулуу үчүн марафон өткөрөт