Бишкекте “Зордук-зомбулуксуз жашоо” акциясы өттү

“Зомбулуксуз жашоо” деп аталган акциянын катышуучулары. Бишкек. 28-ноябрь, 2022-жыл.

Акция Ички иштер министрлигинин (ИИМ) демилгеси менен жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында өттү. Иш-чарага министрликтин жетекчилери, тийиштүү кызматкерлери, Балдар омбудсмени жана шаардагы мектептердин окуучулары катышты.

Акция учурунда ИИМдин атайын багыттагы кызматкерлери күжүрмөн самбо жана өзүн-өзү коргоо боюнча көнүгүүлөрдү көрсөтүштү. Ал эми мектеп окуучулары “Мектеп рекети”, “Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук”, “Эрте никеге туруу” темасында театралдаштырылган оюндарды жана концерттик программа тартуулашты.

Иш-чара Эл аралык толеранттуулук фондунун, БУУнун Баңгизаттар жана
кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын колдоосунда уюштурулган.

25-ноябрдан бери Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк өтүп жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аялдарга, 264ү балдарга тиешелүү. (ZKo)

Дагы караңыз

"Бир ай эле жашайт дешкен". Жашоо үчүн күрөшкөн Жеңишбек Каракалпакстандагы окуяларга байланыштуу 22 адамга айып тагылдыКытайдагы акцияларда полиция BBC радиосунун журналистин сабады "Эл үмүтү" стипендиясына тогуз студент тандалды Айдарбеков ден соолугунан улам парламент жыйындарына катышпайт