29-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 1…3° жылуу болот.
Дагы караңыз
"Ички ишке кийлигишүүдө". Спикердин сунушу, Москванын реакциясы Украина: Электр энергиясы көпчүлүк аймактарда калыбына келтирилдиЕБ “Россельхозбанкты” SWIFT системасына туташтырууну карап жататТемировдун өлкөдөн чыгарылышы: "Адилет" клиникасы мыйзам бузулду деп эсептейтCOVID-19: Кыргызстандын бардык аймактары жашыл зонада Болот Темировдун адвокаттары БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылат