Бишкек: Жаңы жылдык балаты орнотула баштады

Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2022-жылдын 28-ноябры.

Бишкекте өлкөнүн Жаңы жылдык башкы балатысы орнотула баштады. Мэрия 28-ноябрда билдиргендей, Ала-Тоо аянтында "Тазалык" ишканасынын жумушчулары балатынын темир каркасын коюп жатышат.

Быйыл балаты ортодогу чоң фонтандын ордуна орнотулууда. Анын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр болот. Темир каркаска 1400 бутак тагылат.

Орнотуу иштери декабрь айынын ортосунда жыйынтыкталат. (RK)

Дагы караңыз

ИИМ: Эки жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болдуАзамат Баатай: Катарда чектөөлөргө карабай атмосфера мыктыКемпир-Абад иши: Чыңгыз Капаров башка абакка которулдуМамлекеттик кызматтын чыгымы өстү