Украинанын көпчүлүк облустарында электр энергиясы турукташтыруу жадыбалына ылайык гана өчүрүлүп жатканын 28-ноябрга караган түнү өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди. Ал Орусиянын 16-ноябрдагы катуу чабуулунан кийин электр энергиясын калыбына келтирүү иши күн сайын ырааты менен жүргүзүлүп келгенин, азыр кырдаал энергетиктердин көзөмөлүндө экенин айтты.
Украинанын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, 23-ноябрда Орусиянын ракеталык аткылоосунан кийин өлкөдөгү бардык атомдук, айрыкча жылуулук жана гидроэлектр станциялары убактылуу иштен чыгып калган, электр жарыгын өткөрүү объектилери талкаланган.
Орусия 23-ноябрда Украинанын борбору Киевди жана башка аймактарды бутага алып, жалпысынан алты адамдын өмүрү кыйылган, дагы 36 адам жараат алган.
Расмий Москва көптөгөн далилдерге карабастан жарандык объектилерге чабуул жасабаганын айтып келе жатат. (RK)
Дагы караңыз
Үрүмчүдөгү он кишинин өлүмү Кытайдын ири шаарларын козгоду Тажикстанда Соростун “Ачык коом” институту негиздеген бөлүмү жабылууда"Кыргызстан адам укугун бузуп жатса, дүйнөдө ал үчүн кантип күрөшөт?"Түндүк Корея дүйнөдөгү эң кубаттуу өзөктүк державага айланууну көздөйт