Ооганстанда талибдердин күчтөрү Дайкунди чөлкөмүндөгү айылга чабуул койгондо бери дегенде тогуз киши мерт кетти. Арасында үч жаш бала бар. Хазарлар байырлаган айылдын уруу аксакалдары эки күн мурун болгон окуя тууралуу жекшембиде маалымдашты.
БУУнун балдар агенттиги – ЮНИСЕФ билдиргендей, 1-14 жаштагы балдардын өмүрү кыйылды. “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) окко учкандарды куралчан козголоңчулар деп атап, балдардын өлүмүн четке кагууда.
Amnesty International укук коргоо уюму талибдер хазар азчылыктарын бутага алат деп буга чейин айыптап келген.
"Талибан" Ооганстандагы бийликке кайтып келген 2021-жылдын августунан бери адам укуктарынын абалы кескин начарлаган. Өзгөчө кыз-келиндер, диний жана улуттук азчылыктар жабыркап келатат.
Дагы караңыз
Аятолла Али Хаменеинин жээни Иран режимин "кандуу" деп атаганы үчүн кармалдыҮрүмчүдөгү он кишинин өлүмү Кытайдын ири шаарларын козгоду Илимдеги кыздар: тандай бил жана өзүңө ишен