28-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…- 8, күндүз 3…8;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3 градуска чейин жогору.
Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптап турат, жаан, кар, жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5° суук, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° жылуу болушу күтүлөт.
Дагы караңыз
Өзбекстан: ондон ашык адам иске ууланып каза болду Ооруканалардагы тейлөөнүн сапатына нааразы болгондор министрликке кайрылды Киевдин бийлиги жарык жана байланыш дээрлик калыбына келтирилгенин билдирди"Ички ишке кийлигишүүдө". Спикердин сунушу, Москванын реакциясы