Миң-Куштагы уран калдыктары көмүлгөн жайдын көйгөйү көтөрүлдү

Миң-Куш айылы. Архив сүрөт.

Бишкекте өтүп жаткан элдик курултайда Жумгал районунан келген делегат Эрланбек Азизкан уулу Миң-Куш айылынын жашоочуларынын уран калдыктарын сактоочу жай боюнча тынчсыздануусун жеткирди.

“Миң-Куш айлында уран калдыктарын сактоочу жай бар. Эл уранды тазалап жатканда, тазалап кеткенден кийин элге зыяны тийбейби деп сарсанаа болуп жатат. Ошол жерде иштеп жаткан мекемеден толук кандуу жооп болбой жатканына эл нааразы”, - деди ал.

25-ноябрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултай өтүп жатат. Ага миңден ашуун киши катышууда.

Миң-Куш айылында 4 миңге жакын киши жашайт. Ал жерде уран калдыгы сакталган төрт аймак бар. 2004-жылы жер титирөөдөн кийин тоо этегиндеги жарака беш метрге жетип, коркунуч туудурган. 450 миң тонна уран калдыгын көчүрүүгө кеткен чыгымды Борбор Азиядагы төрт мамлекет көтөрөт. Анын 75% Орусия мойнуна алган. Калганын Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан чыгармай болгон. (TSh)

Дагы караңыз

Курултай: Жолдошева президенттик-парламенттик башкарууну сунуштады