Украинанын бийлиги Орусия басып алган аймактарда Ирандан келген инструкторлор жок кылынганын ырастады.
Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов The Guardian басылмасына билдирди. Бирок алар качан жана каерде өлтүрүлгөнүн, канча киши экенин Данилов ачык айткан жок.
Киев буга чейин белгилегендей, ирандык адистердин чакан тобу аннексияланган Крымда орус армиясына Shahed-136 учкучсуз учактарын башкарууну үйрөтүп жаткан. Иранда жасалган бул "жанкечти" дрондорду орус күчтөрү Украинадагы буталарга сокку уруу үчүн колдонгону айтылып келет. Крымда ирандык кеңешчилердин бар экендиги тууралуу АКШ администрациясынын өкүлдөрү да кабарлашкан. Октябрда израилдик KAN радиостанциясы ирандык 10 кеңешчинин Кырмда жана Херсондо өлгөнүн маалымдаган.
Тегеран менен Москва учкучсуз учактар жеткирилип жатканы жана кеңешчилер тууралуу маалыматты четке каккан. Ноябрдын башында Ирандын тышкы иштер министри өлкө Орусияга учкучсуз учактарды согуш башталганга чейин жеткиргенин билдирген.
Дагы караңыз
Краснодардагы курал колдонулган жаңжалда төрт адам каза болду Жогорку Кеңештин имаратынын жертөлөсүндө өрт чыктыКурултай: Жолдошева президенттик-парламенттик башкарууну сунуштады Украина: отун-суусуз үшүгөн эл, төрөтканага түшкөн ракета