Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда Бишкекте башталган элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кемпир-Абад маселесине токтолду. Анда аталган суу сактагычка байланыштуу эки тараптуу келишимге каршы чыккандарды "өз кызыкчылыгын көздөгөн" деп айыптады.
"Бул көйгөйдүн чындап бир жаңсыл болуп чечилишине каршы болуп, Кемпир-Абадды бетке кармап, маалыматтарды, фактыларды, чындыкты бурмалап, элдин аялуу сезимине ойноо менен жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөп, өлкөдө туруксуз абалды жаратып, коомчулукту ары-бери чайкоо ниеттери ишке ашкан жок. Чек аранын биздин пайдага чечилип жатканын көрө алган, түшүнө алган, салмактуу ой жүгүртө билген, "Чубактын кунундай чубалжытпай ", дагы канча кагылыштарга себеп кылбай чек ара маселесин биротоло чечүүнү колдоп берген эл-журтубузга дагы бир жолу ыраазычылык билдирем", -деди Жапаров.
Курултайдын алдында, Жогорку Кеңештин 24-ноябрда жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева кыргыз-өзбек чек ара келишимине каршы добуш берген депутаттарга коркутуу, кысым башталганын айтып чыккан жана буга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын атаган. Ташиев ошол жерден мындай дооматтарды четке каккан.
Жогорку Кеңеш 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген. Чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапкан.
Келишимге ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар – мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.
Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.