24-ноябрда Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар, жаан жаайт. Тоолуу райондордо жол тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16;
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9 градуска чейин жогорулайт.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 14…16 градус жылуу болот.