Англиянын "Манчестер Юнайтед" футбол клубу Криштиану Роналду менен келишимди үздү. Расмий кабарга ылайык, португалиялык спортчу өз ара макулдашуу менен дароо клубдан кетип жатат.
Клуб ага "Олд Траффорддогу" эбегейсиз салымы, 346 беттеште 145 гол киргизгени үчүн ыраазычылык билдирип, ага жана үй-бүлөсүнө келечектеги жакшылыктарды каалады.
Клубдун билдирүүсүндө, "Манчестер Юнайтеддеги" бардык адамдар Эрик Тен Хагдын жетекчилиги менен команданы өнүктүрүүнү улантууга жана оюн талаасында ийгиликке жетүү үчүн биргелешип иштөөгө багытталганы айтылат.
Жакында Роналду британиялык теле алып баруучу Пирс Морганга интервью бергенде Хаг менен мамилеси жакшы эместигин айтып, анын жетекчилик ишин сынга алган.
Дагы караңыз
Түркиянын Дүзже аймагындагы жер титирөөдө 35 киши жараат алдыУлуттук банк: Валюта базарындагы абал салыштырмалуу туруктуу