Данияр Амангелдиев: Кыргызстанда куш этинин 60% импорттолуп келет

Данияр Амангелдиев.

Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандын өзүндө куш этин өндүрүүнү көбөйтүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирди. Ал учурда канаттуулардын этинин 60%дан ашыгы импорттолуп келерин маалымдады.

"Бизде импортту алмаштыруу программасына өзүңүздөр билгендей, канаттуулардын эти жана жумуртка кирген. Бизде азыр бул импорттун көлөмү 60%дан ашык болуп турат. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында куш этин өндүргөн завод куруу демилгеси көтөрүлүп, фонддун кеңешинде талкуу болгон. Учурда канаттуулардын этинин импортун 30% түшүргөнгө аракет кылып жатабыз. Өзүңөр билгендей, айыл чарба продукцияларын өндүргөндөр толугу менен салыктан бошотулган",-деди Амангелдиев.

Кыргызстанга канаттуулардын эти Кытайдан, Казакстандан жана Орусиядан ташылып келет.

Өлкөдө этке болгон керектөө айрым эсептерде жылына 500 миң тоннага чейин, кээ бир эсептерде 700 миң тоннага чейин деп айтылып жүрөт.

Дагы караңыз

Уруксатсыз курулушу бар 28,9 миң гектар жер трансформация болдуТүркиянын Дүзже аймагындагы жер титирөөдө 35 киши жараат алдыКыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай Абдурахманов көз жумду Кыргыз-түрк парламент төрагалары "ФЕТО" маселесин талкуулаштыБолот Темиров: Адилет чечим үчүн эл аралык сотко чейин барабызБаткен: Жолдо каза болгон сегиз адамдын бешөө бир үй-бүлөдөн экени кабарланды