Депутат Масалиев айылдарда жарыкты эскертип өчүрүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутат Исхак Масалиев айылдарда электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болуп жатканын айтып, Энергетика министрлиги ал жөнүндө алдын ала эскертүү бериши к ерек экенин билдирди.

“Министр айткан болчу 1 сааттан ашык өчпөшү керек деп. Аламүдүндө 6-7 сааттан өчүп жатат. Шаарды айта албайм, айыл жеринде 6-7 саатка өчүп жатат. Эгерде чын эле өчүрүш керек болсо, элге ачык айтып, түшүндүрүп бериш керек. Эскертип турсаңар пландаштырганга жакшы болмок”, - деди ал.

Улуттук энергохолдинг ишканасынын жетекчиси Таалайбек Байгазиев эч кандай өчүрүү жок экенин, депутаттын айткандарын териштирерин билдирди. Ал эми энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков чектөө жок деген жооп кайтарды.

“Өткөндө экинчи агрегат ишке кирген 10-11-ноябрда гана ошондой мүчүлүштүктөр болду. Акылдуу эсептегичтерди электр энергия көп колдонулган маалда 5 кВт.ка чектөө киргизүү чечимин кабыл алганбыз. Бул саат 6дан 9га чейин. Калган убактарга чектөө жок. Ушундай эле маселе менен кечинде президенттик администрациядан чалышты. Авария болуп Ак-Ордодо өчүптүр. Сиз айткан маселени дагы жазып алдым”, - деди министрдин орун басары.

Бишкек шаарынын айрым тургундары 9-10-ноябрда электр энергиясы бир нече саатка өчкөнүн жазган. Алар жарык Бишкектин бир нече районунда жок болгонун белгилешкен. “Электр станциялары” ишканасынын башкы директору Айбек Айдаралиев Токтогул ГЭСинде авария болгону тууралуу фейк маалыматтар тараганын айтып, Кыргызстандын энергосистемасы кадимки тартипте иштеп жатканын, болгону аталган ГЭСтеги төрт агрегаттын бири оңдоп-түзөөдөн кийин 11-ноябрда пайдаланууга берилерин, ошого байланыштуу убактылуу чектөөлөр болорун белгилеген. (TSh)

Дагы караңыз

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт