Америкалык "Орион" космостук кемеси 21-ноябрда Айга минималдуу аралыкта жакындады. Бул учур АКШнын Космос агенттиги - НАСАнын YouTube каналында түз көрсөтүлдү.
Спутникке алгачкы сапарында корабль Айдан 130 километр аралыкта учуп, Айга биринчи жолу барган "Аполлон-11" кемеси түшкөн жердин үстүнөн өттү. "Артемида-1" миссиясынын планына ылайык, бул максималдуу жакындашуу болду.
"Орион" 16-ноябрда учурулган. Кораблдин бортунда космонавттардын эки манекени бар.
11-декабрда кеме Жерге кайтып келиши керек. Миссия ийгиликтүү аяктаса, кеме экипаж менен бирге экинчи сапарга аттанат. Ал эми үчүнчүсүндө спутниктин бетине космонавттарды кондурат.
Дагы караңыз
Шавкат Мирзиёев Францияга расмий сапар менен бардыЭкватордук Гвинеяны 43 жыл башкарган Обианг Нгема кайра президент болду