Украина бошотулган аймактарда эвакуациялоону баштады

Херсон шаарынын картасы.

Украина Херсон жана Николаев облустарында орус аскерлеринен бошотулган аймактарда жашаган жарандарды коопсуз жайга чыгара баштады. Бул тууралуу украин бийлик өкүлдөрү кабарлады.

Ага ылайык, өз эрки менен убактылуу жер которууну каалаган жарандарга Кривой Рог шаарына же өлкөнүн батыш облустарына барып туруу сунушталды. Киев эвакуацияны кыш мезгилинде орус аскерлеринен бошотулган аймактарда жашоо шарт оор болушу ыктымалдыгы менен байланыштырып жатат.

Орусиянын армиясы Украинага быйыл 24-февралда басып кирген.

Дээрлик эки апта мурда украин күчтөрү Херсон шаары баштаган бир катар аймакты бошоткон.

Ушул күндөрү орус күчтөрү жана жикчилдер Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Харьков облусунун азырак бөлүгүн ээлеп турат.

Дагы караңыз

Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталдыЭкзит-полл: Токаев жеңди, экинчи сапка "баарына каршы" графасы чыкты МАГАТЭ Запорожье АЭСин бутага алган чабуулдарды айыптадыCOP27: Климаттын өзгөрүшүнөн жапа чеккен өлкөлөргө жардам көрсөтүлөт