Кыргызстанда гендердик облигациялар сатыкка чыкты

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда биринчи жолу гендердик облигациялар сатыкка чыкты. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аялдардын ишкердигин колдоого багытталган облигациялар Кыргызстандагы ишкерлердин демилгеси менен чыгарылган. Баалуу кагаздар аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого багытталган.

Түшкөн каражат айыл чарбасы жана кызмат көрсөтүү жаатындагы чакан жана орто ишканаларга насыя катары берилет. Насыяны айымдар негиздеген же жетектеген, андан сырткары жамаатынын 30% ашыгын аялдар түзгөн ишканалар ала алат.

Дагы караңыз

Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат HRW бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбооруна чочулоосун билдирди Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталатАКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Вигери Мамдепартаментте ант берди