Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстандагы билим берүү системасы эскиргенин, бул система менен билимдүү коом курууга мүмкүн эместигин айтууда.
Ал бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Мага баары бир эмес" жарандык форумунда сүйлөгөн сөзүндө айтты.
"Биз бала бакчаларын ачууну жөнөкөйлөштүрүүнү сунуштап жатабыз. Жеке менчик бала бакча ачуу үчүн Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынан жана Өрткө каршы кызматтан уруксат алса жетишет. Райондук, облустук билим берүү башкармалыктарына ошол уруксаттарын көрсөтүп, маалымдап коюу жетиштүү. Анткени бала бакчага көзөмөлдү ата-эне коет. Мамлекет көзөмөл кылган жерде сөзсүз коррупция болот. Мектептер боюнча биз мугалимдерге академиялык эркиндик берүүнү жана башка бир катар жаңы ыкмаларды, системаларды сунуштап жатабыз. Булар тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталган, жаңы жылга чейин 1-окуудан өтүшү керек".
Бүгүн Бишкекте "Мага баары бир эмес" деген аталышта V Жарандык форуму өтүп жатат. Анда "Бүгүнкү күндөгү жарандуулук, симптомдор, диагноз, эскертмелер", "Жарандуулук жана мамлекет", "Жарандуулук билими" жана "Эркиндик, укук, демократия" деген сессиялардын алкагында талкуулар жүрүүдө. Иш-чарага саясат таануучулар, укук коргоочулар, жарандык активисттер жана башка жарандар катышып жатышат.(ZKo)
Дагы караңыз
Зеленский: Украин аскерлери бардык фронтто жеңишке жетишип жататКемин: Эне тилинде окуй албаган балдар Орусияда абакта отургандардын саны 23 миң адамга кыскардыТеракттарды алдын алуу чараларында жабыркагандарга кенемте төлөп берүү сунушталуудаСахалинде жарылуудан үч адам набыт болду "Мага баары бир эмес". Жаран жана коом тууралуу жыйын (түз эфир)