Сахалин облусунун Тымовск районундагы жарылуудан беш кабаттуу үйдүн подъезди кыйрады.
Жарылуудан үч адам набыт болгонун облус губернатору Валерий Лимаренко Телеграм-каналына жазды. Дагы он адам жабыркады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин баштапкы маалыматына караганда, газ жарылган. Куткаруучулар уранды алдынан издөө иштерин улантып жатат. Аларга жергиликтүү тургундар көмөктөшүүдө.
Сахалин облустук прокуратурасы жарылуунун себептерин иликтей баштаганы, окуя болгон жерде райондук прокурор жүргөнү кабарланды.
Жабыркаган үйдүн тургундары үчүн убактылуу башпаанек жай уюштурулду.
Дагы караңыз
"Мага баары бир эмес". Жаран жана коом тууралуу жыйын (түз эфир)Казак бийлиги жарандарына мыйзамсыз митингдерге чыкпоону эскерттиЧек ара: Бишкекти жер, Ташкентти суу кызыктырабы?Уурдалган автоунаа жол кырсыгына кабылдыДепутат Бакиров Ак үйдөгү кызматтык бөлмөсү алмашканын билдирди