Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) терактты алдын алуу чараларында жабыркагандарга кенемте төлөп берүү демилгесин көтөрүүдө.
УКМКнын бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документте айтылгандай, эгемендик жылдары бир нече жолу түрдүү теракттардын алдын алуу чаралары жүргүзүлгөндө УКМК кызматкерлеринин аракетинен улам карапайым жарандардын мүлкү жабыркаган учурлар катталган.
Бирок мыйзамдарда алардын мүлкүн калыбына келтирүү нормасы бекитилген эмес. Мындан улам жарандардын менчикке кол тийбестик боюнча конституциялык укуктары бузулган.
Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, терактты алдын алуу учурунда мүлкү жабыркаган жаран УКМКнын аймактык башкармалыгына кайрылат. Анын арызы 30 күн ичинде атайын комиссия тарабынан иликтенип, кенемтенин өлчөмү аныкталат. Кенемте жети жумуш күн ичинде жабырлануучунун банк эсебине которулат.
Комиссиянын курамына УКМКнын. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Финансы министрлигинин жана бир катар тиешелүү мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү кирет.
- Кыргызстанда 2010-жылы 30-ноябрда Апрель окуясы боюнча айыпталуучулардын соту өтүп жаткан учурда жардыруу болуп, бир нече адам жабыркаган. Ушул эле жылы 29-ноябрда Ош шаарында террордук чабуулдун алдын алуу операциясында куралдуу топтун үч мүчөсү жок кылынганы, дагы бирөө өзүн өзү жардырып жибергени кабарланган.
- 2015-жылы 12-октябрдын түнүндө №50 абактан качкан төрт кылмышкердин издөөдөгү үчөө кармоо учурунда өлтүрүлүп, бирөө тирүү кармалган. Качууга аракет кылган беш кылмышкердин үчөө түрмөдө табышмактуу жагдайда жан берген. Акыркы окуяны кошкондо аларды кармоодо беш тартип сакчысы жана эки жай тургун ажал тапкан. (ZKo)
Дагы караңыз
"Мага баары бир эмес". Жаран жана коом тууралуу жыйын (түз эфир)Чек ара: Бишкекти жер, Ташкентти суу кызыктырабы?“Соцтармакта суроо көп болду": Чек ара маселесине Өзбекстандагы реакцияУкраинадагы согуш: 10 миллиондой адам жарыксыз калдыКыргыз-тажик чек арасы: Жапаров маселе чечилерин айтты