Бишкекте V Жарандык форум өтүп жатат

V Жарандык форумдун девизи. Бишкек. 19-ноябрь, 2022-жыл.

Бишкекте "Мага баары бир эмес" деген аталышта V Жарандык форуму өтүп жатат. Анда "Бүгүнкү күндөгү жарандуулук, симптомдор, диагноз, эскертмелер", "Жарандуулук жана мамлекет", "Жарандуулук билими" жана "Эркиндик, укук, демократия" деген сессиялардын алкагында талкуулар болот. Иш-чарага саясат таануучулар, укук коргоочулар, жарандык активисттер жана башка жарандар катышууда.

Форумду "Баштан башта" кыймылы уюштурду.

Кыргызстандын саясий тагдыры талкууланган жарандык форумдар буга чейин төрт жолу түрдүү аталыштарда өткөн. "Калып же кетиш керек" деген аталыштагы форум 2020-жылы 22-декабрда болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Польшада ракета түшкөн аймакка украиналык адистер барды“Соцтармакта суроо көп болду": Чек ара маселесине Өзбекстандагы реакцияПономаревдун Кыргызстандан депортацияланышы боюнча Хелсинки комитети БУУга арызданды Депутат Бакиров Ак үйдөгү кызматтык бөлмөсү алмашканын билдирдиКазак бийлиги жарандарына мыйзамсыз митингдерге чыкпоону эскертти