Конституциялык сот 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу эки тараптуу келишимдин долбооруна "корутунду берилген жок" деген сынга жооп берди.
Конституциялык соттун депутаттарга жолдонгон катында Баш мыйзамдын 26-беренесине, "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга шилтеме берилген.
"Конституциялык сот демилгечи орган эмес, ошондуктан эл аралык макулдашуулардын долбооруна корутунду тийиштүү тарап макулдашуу Кыргызстандын Конституциялык мыйзамдарына туура келбесин негиздеп кайрылган учурда гана берилет. Чек ара маселелери боюнча эл аралык макулдашуу боюнча мурда эч кандай кайрылуу болгон эмес," - деп жазылган маалыматта.
Ага чейин Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу эки тараптуу макулдашуунун долбоору каралган учурда депутаттар Нуржигит Кадырбеков жана Адахан Мадумаров парламенттин регламентине ылайык чек араны ратификациялоо үчүн Конституциялык соттун корутундусу зарыл экенин, ал жок экенин айтышкан.
Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды.
Кыргыз-өзбек чек ара келишимине ылайык, Кыргызстан Өзбекстандан 19699 гектар жер алып, ордуна Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жерди берет. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишим да колдоо тапты. (ZKo)
Дагы караңыз
Карылар үйүнө абаны тазалоочу жабдыктар орнотулдуКазакстан: Шайлоо өнөктүгүн коштогон кармоолор Нидерланд соту MH17 каттамындагы учакты Орусияда жасалган ракета атып түшүргөнүн ырастадыПарламент кыргыз-өзбек чек арасына чекит койдуМосквадагы "Садовод" базарында өрт чыктыСадыр Жапаров Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу, статус-кво макамы берилерин айтты (видео)Бишкекте Кемпир-Абад боюнча нааразылык акциясы өтүүдө