Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган редакциясына кол койду. Документти парламент быйыл 30-июнда кабыл алган. Бирок 19-августта президент аны каршы пикири менен артка кайтарган.
Ушундан улам мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынан, Юстиция министрлигинин, президенттин администрациясынын жана Жогорку соттун өкүлдөрүнөн турган макулдашуу тобу түзүлгөн.
Ал топ иштеп чыккан мыйзамдын макулдашылган вариантын Жогорку Кеңеш 20-октябрда кабыл алган.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мыйзам буга чейин Конституциянын жана Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынгандыктан артка кайтарылганын жүйө кылган.
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев президент долбоорду кайра кайтарганда бир канча жобого каршы пикирин билдиргенин айтып, аны Жогорку Кеңештин макамын төмөндөтүү катары баалаган. (BTo)
Дагы караңыз
Кадамжай: 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүүлөр камакта калды Парламент “Азаттыктын” журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтоттуG20 саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алындыОрусия согуш ачкандан бери атмосферага 97 миллион тонна зыяндуу газ бөлүнүп чыктыНАСА Айга миссиянын алкагында кубаттуу ракета учурдуЧех парламенти Орусиянын режимин "террордук" деп тааныдыЧек ара чырында жабыркагандардын маселеси парламентте көтөрүлдү