Кадамжай: 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүүлөр камакта калды

Иллюстрация

Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шек саналып кармалган төрт адамдын камактагы мөөнөтү узартылды. Алар 2023-жылдын 4-январына чейин камакта калтырылды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замирбек Ормонов билдирди. Анын маалыматы боюнча, иш азырынча сотко өткөрүлө элек.

Быйыл 5-сентябрда Баткен облусунун милициясы Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын сөөгү табылганын билдирген. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Кадамжай районунун Исхак-Полотхан (ред: мурдагы Халмион) айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 8-сентябрда кыздын өлүмүнө байланыштуу райондун жашы жете элек дагы бир тургуну кармалган.

Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, Жогорку Кеңеште педофилдерге жазаны катаалдатуу сунуштары айтылган. (BTo)

Дагы караңыз

Чех парламенти Орусиянын режимин "террордук" деп тааныдыЧек ара чырында жабыркагандардын маселеси парламентте көтөрүлдүБишкек мэриясы жарнама такталарынан жылына 37 миллион сом табатПрезидент ЖКнын чек ара маселеси талкууланган жыйынына катышатНАСА Айга миссиянын алкагында кубаттуу ракета учурдуБайден: Польшага тийген ракета Орусиядан атылган деген ыктымалдык аз