16-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз -1…+4;
Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 0…5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -7...-12.
Бишкекте маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 0…2 градус болот.
Дагы караңыз
Жаңылыктар | 14.11.2022 | Чек ара: Тургундар курулуш жай жүрүп жатканына кабатырБекешев: Жалган маалыматтан коргоо мыйзамын кабыл алууда сунуштар эске алынган жокӨзбек премьери чек ара боюнча макулдашуунун шарттарын айттыПарламентте Баткенди калыбына келтирүү ишин сындашты