HRW: Еврошаркет Борбор Азиядагы адам укуктарынын бузулушуна көңүл бурууга тийиш

Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү менен кездешүүдө адам укуктары бузулган учурларды козгоого тийиш. Ушундай мазмундагы билдирүүнү 14-ноябрда Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму таратты. Шаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррел 17-18-ноябрь күндөрү Самаркандда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолугушмакчы.

HRW быйыл Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү негизинен тынч нааразылык акцияларын ашыкча күч колдонуп басканын, сентябрда тажик-кыргыз чек арасындагы куралдуу кагылышта ондогон карапайым киши каза тапканын белгилейт. Уюм ошол окуялар маалында адам укуктарынын бузуулушу көз карандысыз иликтенбегенин айтат.

"Еврошаркет жайкын тургундар өлтүрүлгөн, кыйноого учураган же Борбор Азия бийликтери тарабынан кармалган учурларды иликтөөгө үндөө менен чектелбестен, ошол чакырыктар көз жаздымда калганда үн катпай калбашы керек", - деп белгиледи HRW уюмунун Европа Биримдиги боюнча директору Филипп Дам.

Жыл башынан бери аймакта болгон окуяларды тизмектеп, Январь окуяларында, Тоолуу Бадахшан, Каракалпакстанда адам өмүрлөрү кыйылганы айтылат.

Укук коргоочулар кыргыз-тажик чек ара жаңжалында эки тарап тең чоң чыгымга учураганын, калк жашаган аймактар "Град" ракеталары жана "Байрактар" дрондору менен аткыланганын жана Кыргызстан менен Тажикстан карапайым кишилердин өлүмү үчүн өз жоопкерчилигин иликтебегенин белгилешет.

Уюм Кыргызстан бийлиги мааалымат каражаттарынын цензурасын, көзөмөлдү күчөткөнүнө, сөз эркиндигин, жарандык коомду чектегенине көңүл буруу керек деп эсептейт. Мисал катары “фейктер мыйзамына” таяп, октябрда "Азаттык" радиосунун сайтын эки айга жабуу чечимин келтиришет. Ошондой эле Кемпир-Абад ишине байланыштуу 20дан ашуун кишинин кармалганы айтылат.

Дагы караңыз

Султанбаев мамлекет сөз эркиндигин "сапаттуу деңгээлде кармап турууга аракет кыларын" айттыЖуматаева: Ар бир кадам мыйзамдын негизинде жасалышы керекКемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы акция өтүп жататЖанарбек Акаев: Азыркы шартта эркин ЖМКны жаап коюу мүмкүн эмес