Украинаны алдыдагы айларда кыйын кезең күтүп жатат, Орусиянын аскердик дараметин эстен чыгарбоо зарыл. Мындай пикирин 14-ноябрда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди.
Ал Херсон шаарын кайтарып алган украин жоокерлеринин “эбегейсиз эрдигин” кубаттады жана Киевге жардам берүүнү улантууга чакырды:
“Алдыдагы айлар кыйын болмокчу. Путин Украинаны кышында жарыксыз, жылуулуксуз калтырууну көздөйт. Биз жолубуздан тайбоого тийишпиз”, - деп айтты Столтенберг Гаагада Нидерланддын премьер-министри менен кездешүүдө.
Орус аскерлери Украинанын жарандык инфраструктурасын, жылуулук станцияларын, суу түтүктөрүн, көпүрөлөрдү аткылап келатат.
Бир катар аймактардп, анын ичинде өткөн аптанын этегинде бошотулган Херсондо гуманитардык кыйын абал түзүлдү.
Дагы караңыз
Жалал-Абаддагы №10 абакты сыртка көчүрүү аракети башталды Көркөм муз тебүүчү Валиева алтын медалдарынан ажырашы мүмкүнЖК комитети Кемпир-Абад боюнча макулдашуунун долбоорун карайтУкук коргоочу Виталий Пономарев “Манас” аэропортунан кармалды