Жалал-Абаддагы №10 абакты сыртка көчүрүү аракети башталды

Жалал-Абаддагы №53 тергөө абагы.

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №10 абагы көчүрүлө турганын калаа мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы абакты шаардан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылына куруу пландалып жатат. Ал үчүн айылдагы Сары-Талаа аймагынан жер берилген.

Азыр жабык жайдын пайдубалын курууга даярдык иши жүргүзүлүп жатат.

Мындан сырткары шаардагы №53 тергөө абагын да Сузак районунун Арал айылына көчүрүү жумуштары башталды.

Буга чейин Бишкектеги №47 колония толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар башка жайларга которулган. (TB)

Дагы караңыз

Көркөм муз тебүүчү Валиева алтын медалдарынан ажырашы мүмкүнЖК комитети Кемпир-Абад боюнча макулдашуунун долбоорун карайтУкук коргоочу Виталий Пономарев “Манас” аэропортунан кармалдыӨзбекстан Борбор Азияда энергетикалык авария кайталанышы мүмкүн экенин эскерттиМилиция экспертиза үчүн "Азаттык" берген дискти ача албай койгонун билдирди Токаев АКШнын жаңы элчиси Розенблюмду кабыл алды Жаза аткаруу кызматы абактагы 54 кишиге паспорт берилгенин маалымдады