9-ноябрдан бери Өзбекстанда жылуулук станцияларын отун менен камсыздоо кыйынчылыкка учурап жатат. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн Энергетика министрлигинин Улуттук диспетчердик борборунун директору Музаффар Бобоев эскертти. Маалыматка караганда, 12-ноябрда жылуулук станцияларына газ планда каралгандан 350 миң куб метрге азыраак берилген. Энергоблоктордун технологиялык өлчөмдөрдүн төмөндөп кетпеши жана жабдуулардын бузулуп калбашы үчүн айрым жабдыктардын иши токтотулду. Натыйжада Ташкент Жылуулук станциясында иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмү азайды.
Мындан улам Улуттук диспетчердик борбор жадыбал менен улам бир жерде электр жарыгын өчүрүп келатат.
Бобоевдин катында айтылгандай, электр энергияны керектөө азайтылбаса, Өзбекстандын айынан Борбор Азиядагы Бирдиктүү энергетикалык системада авария кайталанышы ыктымал.
Быйыл 25-январда Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын көптөгөн жерлеринде электр энергия үзгүлтүккө учурап, ири аймак жарыксыз калган. Мартта өкмөттөр аралык комиссия буга Өзбекстандын энергосистемасындагы алешемдик алып келген деген жыйынтык чыгарган.
Казакстан менен Кыргызстанда электр энергия менен камсыздоо бир нече саатта калыбына келтирилсе, Өзбекстанда буга бир нече күн кеткен.
2016-жылкы президенттик шайлоо алдында Шавкат Мирзиёев калктын электр энергия жана газ менен кыйынчылыктарын жөнгө салууга убада берген. Бирок өзгөчө күзгү-кышкы сезондо элди ушул маселе түйшөлтүп келатат.