Путин Донецк жана Луганскидеги студенттерди аскерден бошотууну буйруду

Донецкидеги мобилизация. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин өзүн "элдик республика" деп атап алган Донецк жана Луганск аймактарынан Украина менен согушка мобилизацияланган студенттерди аскерден бошотуу тууралуу буйрук берди. Бул тууралуу жекшембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бирок эч кандай расмий документ жарыяланган эмес.

Песковдун айтымында, бул аймактардагы элдик кошуундун күчтөрү азыр Орусиянын куралдуу күчтөрүнө бириктирилген, анда студенттер аскерге чакырылбайт. Ошондуктан Путин студенттерди окуу жайына кайтарууну уюштуруу жагын буйруган.

Орусия Украинага кол салганга чейин эле өзүн "элдик республика" деп атап алган Донецк жана Луганск аймактарынын жикчил күчтөрү он миңдеген адамдарды мобилизациялаган. Ага аскердик даярдыгы жоктор да чакырылган.

Ал эми Орусияда 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Ушундан кийин миңдеген жарандар учак жана чек арадагы пункттар аркылуу өлкөдөн чыгып кете башташкан. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 28-октябрда Путин менен жолуккан учурда, мобилизациялык чаралар аяктаганын айткан. Анын сөзүнө караганда, мунун алкагында 300 миң адам аскерге тартылды. 82 миң адам Украинадагы согушка жөнөтүлүп, 218 миң адам машыгуудан өткөрүлүп жатат.

Дагы караңыз

Өмүрүн өнөргө арнаган Фарида "Айлык аз, тойлор көп...". Орусиядан кайтып келген мигранттардын баяныСтамбулдагы жардыруудан кеминде алты киши каза таптыКемпир-Абад иши: документ Жогорку Кеңешке келип түштүКыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу документ парламентке келип түштүОрусия Иран менен кызматташтыгын жакшырта турганын жарыялады