13-ноябрда Стамбулдун борборунда жардыруу болуп, кеминде алты кишинин каза тапты, 53 киши ар кандай жараат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Маалыматты Стамбулдун губернатору Али Йерликая өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу да тастыктады.
Жардыруу Таксим борбордук аянтына жакын жайгашкан эл жыш жүргөн аймакта, саат 16:20 чамасында болгон.
Окуя болгон жерге "Тез жардам" унаалары жана полиция кызматкерлери жетип барган.
Жардыруу болгон учур байкоочу камераларга да түшүп калган. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирүү жасап, бул жардыруу террордук чабуул болушу ыктымал экендигин айтты.
Дагы караңыз
Байден: АКШ, Жапония, Түштүк Корея өзөктүк коркунучка бирдиктүү жооп беретОрусия Иран менен кызматташтыгын жакшырта турганын жарыялады Мобилизацияга тартылгандардын жакындары бийликке кайрылды АКШдагы шайлоодо демократтар алдыга чыкты