Украинадагы согушка жиберилген Татарстандагы "Алга" батальонунун аскерлери келишимдери бүтсө да үйлөрүнө жибербей жатканын айтып нааразы болушкан. Бул тууралуу "Кечки Казань" басылмасына алардын туугандары айтып беришкен.
Маалыматтарга караганда, жалданма аскерлер төрт айлык гана келишимге кол коюшкан. Бирок бул мөөнөт өткөндөн кийин да аларды үйлөрүнө кое беришкен эмес. Жергиликтүү аскердик комиссариаттар эч кандай жардам бере албастыгын айтышкан.
Украинадагы согушка жөнөтүү үчүн Орусиянын аймактарында кырктан ашуун "ыктыярдуу батальондор" түзүлгөн. Алардын экөө - "Алга" менен "Тимер" Татарстанда негизделген.
Орусия февраль айынын соңунда Украинага басып кирген. Президент Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. 31-октябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизацияны жыйынтыктоо тапшырмасын берди. Анын алкагында Украинага жүз миңдеген аскерлер жиберилди. Алардын арасынан ондогон жоокерлер мерт кеткени тууралуу кабарлар чыгууда.
Дагы караңыз
Украин аскерлери Херсонго кириштиСаясатчы Асия Сасыкбаева камакта калдыКазакстанда аткаминерлер казиного 1 млн. доллар уттурушканСадыркуловдун өлүмү: Айыпталуучунун акыркы сөзү кийинкиге калдыКемпир-Абад иши: Нурлан Асанбеков үй камагына чыгарылды