Украина: ракеталык соккудан Николаевде кеминде алты киши каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Орус армиясынын Украинанын Николаев шаарына урган ракеталык соккусунан кеминде алты киши мерт болду. Бул тууралуу 11-ноябрда калаанын мэри Александр Сенкович билдирди. Анын айтымында, ракеталардын бири жайкын тургундар жашаган районго түшүп, беш кабатуу турак жай урап калган.

Ал арада украин аскерлери Херсон багытындагы контрчабуулун улантып жатат.

11-ноябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский армия өлкө түштүгүндө 41 шаар-кыштакты бошотконун билдирди.

"Баскынчылар өздөрүнөн кийин миңдеген миналарды жана атайын заттарды калтырып жатышат. Аларды жок кылуу үчүн ондогон жылдар керек. Биз мынчалык көпкө күтө албайбыз. Биринчи кезекте имараттар, социалдык объектилер, жолдор минадан тазаланат. Баскынчылар баарын миналап жатышат", - деди Зеленский.

Президенттин кеңешчиси Михаил Подоляк да бул маалыматты ырастап, орус армиясы Херсонду "өлүм шаарына" айлантып кеткенин, Днепрдин оң жагына өтүп алгандан кийин аткылоосу уланышы мүмкүндүгүн билдирди.

Херсон шаары Украинанын так ортосунан өткөн Днепр дарыясынын башында жайгашкан. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, чегинип бараткан орус аскерлери жергиликтүү тургундардын үй-жайларын тоноп, маанилүү инфратүзүмдөрдү жарактан чыгарууда.

Дагы караңыз

12-ноябрдын аба ырайыБишкек шаардык соту Жеңиш Молдокматовду камакта калтырдыКубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болуп шайландыТүрк мамлекеттери уюмунун сыйлыгы Чыңгыз Айтматовго ыйгарылдыКемпир-Абад: Асанбековдун бөгөт чарасын кароодо танапис жарыяланды